БИШКЕК, 18-июнь — Sputnik. Бишкектин борборунда эки апта бою газ берүү токтотула турганын "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы билдирет.
Табигый газ түтүктөрдү калыбына келтирүү иштеринен улам өчүрүлүүдө.
Маалыматка ылайык, шаардын Жумабек – Ибраимов, Москва – Сүйүмбаев, Жумабек – Шопоков жана Токтогул – Ибраимов көчөлөрүнө чектеш үйлөргө газ берүү токтотулат.
Газ түтүктөрүндөгү табигый газдын сыртка чыгышын жоюу боюнча жумуштар 2015-жылдын 22-июнунан 6-июлга чейин созулат.