БИШКЕК, 29-май – Sputnik. Бишкектин батыш тарабында төрт күнгө газ өчүрүлө турганын "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын маалымат кызматы билдирет.
Бул орто басымдагы газ түтүктөрүн кайра калыбына келтирүү иштерине байланышкан.
Маалыматка ылайык, газ 1-июндан 5-июнга чейин Фучик, Кронштад жана Клубный көчөлөрү менен чектешкен бөлүктөрдө өчүрүлөт.
"Газпром Кыргызстан" ЖЧК келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, түзүлгөн кырдаал түшүнүү менен кабыл алынат деген ишенимин билдирет.