БИШКЕК, 16-июнь — Sputnik. Таш-Көмүр шаарында катталган жол кырсыгынан үч киши каза болуп, үч киши жабыркаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
15-июнда кечки саат 11:15 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 463-чакырымында (Чүйүт-Сай участогу) "Хонда Одиссей" менен "Жигули" үлгүсүндөгү автоунаа кагышкан.
Жол кырсыгынын кесепетинен үч адам каза болуп, үч адам жабыркаган. Жол кырсыгы болгон жерге КР ӨКМдин Таш-Көмүр шаарындагы II издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары барышып, каза болгондорду Таш-Көмүр шаардык өлүк сактоочу жайга жана жабыркагандарды ооруканага жеткиришкен.