Июнь окуяларында башка улуттун өкүлдөрүн куткарып калгандар: ыраазычылыкты дайыма угам

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев 2010-жылдын июнь окуяларында адамдарды сактоодо жеке эрдик көрсөткөн жарандар менен жолугушту
Президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылдын июнь окуяларында адамдарды сактоодо жеке эрдик көрсөткөн жарандар менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан беш жыл мурда Ош, Жалал-Абад облустарында улуттардын ортосуна чагым салынып, жай турмушта жашап жаткан бейкүнөө 400дөн ашык адам каза таап, онго жакыны дайынсыз калды.

БИШКЕК, 10-июнь — Sputnik. 2010-жылы июнь айында Ош, Жалал-Абад облустарында болгон коогалаң учурунда башка улуттун өкүлдөрүн үйлөрүнө жашырып, аларды куткарып калгандарды президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды. Өлкө башчысы ушундай ак ниет кишилер болгону үчүн улуттар аралык чыр-чатак тез аранын ичинде жөнгө салынганын белгиледи.

Күнөстүү шаардын күйүттүү трагедиясы. Июнь коогалаңына беш жыл
Мындан беш жыл мурда Ош, Жалал-Абад облустарында улуттардын ортосуна чагым салынып, жай турмушта жашап жаткан бейкүнөө 400дөн ашык адам каза таап, онго жакыны дайынсыз жок болгон. 

Коогалаң учурунда өз өмүрүн тобокелге салып, кыйналган элге жардам берүүнү атуулдук парзы катары билип, кол узаткандар да жок эмес.

Ош облусунун Ала-Бука районунун тургуну Курманбек Ахмедов коогалаң болгон учурда сырттан карап тура алган эмес.

"Ош шаарында коогалаң болгондо карап тура албадык. Эл-журттун талабы менен Ошко барууга туура келди. Алардын жыйып берген тамак-ашын, ишкерлердин ун, күрүч, кесмелерин жеткирип бердик. 12-июнда жолго чыкканбыз, бирок ал күнү Санпадан өтө албай койдук. 13-июнда таңга маал жеттик", — деди ал.

Курманбек Ахмедов коогалаң болгон учурда сырттан карап тура алган эмес

Ал жактан кайтып келе жатканда студент кыздарды, ооруканадагыларды Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондоруна жеткиришкен. Башка улуттун өкүлдөрү көп жашаган Достук айылын кыргыз жигиттер кайтарып турушканын Ахмедов айтып берди.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылынын 81 жаштагы тургуну, байбиче Токтокан Турганбаева  өзбек улутундагы жыйырмадай кишини 17 күн үйүндө коргоп, багып жаткан.

"Менин чалым өтүп кеткен эле, анын кыркылыгын беребиз деп үйгө тамак-ашты алып келип койгондон кийин бул каргашалуу окуя болду. Жыйырмага жакын кишини эки жумадан ашык бактым. Алар коркуп үйлөрүнө бара албай отурушту. Ал күндөр өтө оор болду", — деди ал.

Токтокан Турганбаева жыйырмадай өзбек улутундагы кишилерди үйүндө коргоп, багып жаткан

Ал эми Ош шаарынын тургуну Жакшыбай Жоробаев шаарга башка жактан келип иштеп, үйүнө кете албай калгандарды топтоп, аларды үйлөрүнө жөнөткөн.

"Сырттан келип иштеп, кайда кетишти билбей калган балдарды топтоп, үйдө багып, эртеси жашаган дареги боюнча автоунаага салып жөнөтүп жардам бердик. Мындай күндү экинчи башка салгылык кылбасын да, жаш муундар көрбөсүн", —дейт Жоробаев.

Жакшыбай Жоробаев шаарга башка жактан келип иштеп, үйүнө кете албай калгандарды топтогон

Ал ошондой эле, бүгүнкү күнү ал куткарып калган балдар аман-эсен жүргөнүн, майрамдарда келип ыраазычылыгын билдирип, рахматын айтып турарын кошумчалады.

Жакшыбай Жоробаевдин жети баласы бар, үй-бүлөсү көп улуттуу. Кыздарынын бирөө Тажикстанга, экинчиси Өзбекстанга турмушка чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0