— Колуңуздан чыккан костюмдарды кыргыз шоу-дүйнөсүнүн көп өкүлдөрү кийип жүрөт, сиздин тиккен кийимдер ийгилик алып келет дешет экен. Бул туурасында өзүңүздөн уксак?
— Бизге чыгармачыл чөйрөдөгү адамдар, ырчылар, бийчилер тиктиришет. Акыркы жаңы костюмдарды ырчы Мирбек Атабековго, аны коштогон бийчилер тобуна, Нурлан Насипке жана "Достор" тобуна тиктик. Андан сырткары Кыргызстандагы бир топ бийчи кыздар, балдардын топторунан буюртмалар арбын түшүп турат.
— Чыгармачылыгыңызда табият менен адамдын байланышын карайт экенсиз да?
— Ооба, байланышпаса болбойт. Ар бир оюу, сайманы түшүрүп жатканда адамдын мүнөзүнө, кайсы жылдыздын алдында төрөлгөн, ошону эске алып, байланыштырып, кыргыздын философиясына сиңирип жасаганга аракет кылабыз. Кээ бир адамдар бир көргөндө, кадыресе эле оюу деп коюшу мүмкүн. Ал эми оюну түшүнө билген адамга ар биринин өзүнүн мааниси, чечмелениши бар.
Чынын айтканда, эртең менен турганда же ишти жасап жатканда, эй жараткан, ушул көйнөктүн ээсине жакшылык бер, буюргулуктуу болсун, ийгиликтерди алып келе көр деп жакшы тилектеримди айтам. Кыздарга да "ар бир ишти жасап, тигип жатканда жакшы маанай менен кармап, көңүлүңөр менен тиккиле" дейм. Киши кандай маанай менен жасаса да, ошол энергетика буюмга өтөт, анан албетте, анын ээсине, кийген адамга да таасирин тийгизет. Бычып, оюу түшүрүп же саймасын сайып жаткандабы, сөзсүз жакшылыкка ниет кылам. Оң энергетика, жакшы аура менен тиксе, ал буюм албетте, жакшылыктарды алып келет.
— Эмне үчүн улуттук кийимдерди тигүүгө басып жасап калдыңыз, дегеле узчулук өнөрдү кантип аркалап алдыңыз эле?
— Анан кантип узчулук өнөргө өтүп кеттиңиз?
— 1998-жылы тигүү тармагына өтүп, бирок, театр менен биргеликте алып кете алган жокмун. Цехти иштетип жүрүп, спектакль мына-мына башталат дегенде гриммге чуркап келип отуруп, көшөгө ачылат дегенде, аптыгып даяр болуп, канча тил уккан күндөрүм болду. Анан узчулукту таштап, болбой эле көңүлүм сүйгөн театрга кеткен элем. Анан кийин кайра кол өнөрчүлүккө өттүм. Азыр сахнаны сагынам. Бир ирет сахнага чыксам, бир нече күндүк энергия менен жүрөм. Иштеп жатып эле театрды эстейм. Ал өнөрдөн кеткенден кийин эч кимге айтпай эле букулдап ыйлачумун.
— Азыр эми ыйлабай калдыңыз да, анын үстүнө киного да тартылып жүрөсүз?
— Эстегенде азыр деле ыйлайм (күлдүк). Театрга, сахнага болгон сүйүүмдү эч нерсе менен алмаштыра албайт экенмин. Нарындагы Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында иштеп жүргөндө бир жерибиз ооруп, сыркоолоп калсак, Койсун Карасартова баштаган актриса эжелер, "ай, сахнага чыга калчы, ооруганың тарап кетет" дешсе, ишенбейт элем. Көрсө, сахнанын касиети бар деген чындык экен.
Ал эми азыркы ишиме канааттанам. Бул өзүнчө чыгармачылык, ойлонуу, түйшөлүү. Кээде бир кийимди он күнгө чейин тигебиз. Жакшы костюм жаратсам, өзүм кийчүдөй болуп, канат байлап, кадимкидей эргип калам.