БИШКЕК, 4 июнь — Sputnik. Адамдарды уурдоого шектелген уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү кармалганын ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыкка жаран кайрылып, анын жакындарын уурдап кеткен Өткүр, Эрзат жана Арслан аттуу балдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Анын айтымында, аты аталган балдар 2014-жылы курал менен коркутуп, күйөөсү менен кызын машинага салып, Тажикстан тарапка алып кетишкен.
"Аял жолдошу экөө Бишкектин базарларынын биринде жашылча-жемиш сатып иштешет. 2014-жылдын апрель айында коңшу өлкөнүн жаранына 60 миң долларга мандарин заказ кылышкан. Товар алууда мандариндин жарымы жараксыз экени маалым болгон. Соодагерлер бул тууралуу жеткирүүчүнү кабардар кылгандан кийин ал келүүгө убадасын берген", — деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик мандарин алып келген адам кийинки күнү келгенин маалымдайт, бирок сатуучулардын жүйөөсүнө макул болбостон, сумманын бардыгын талап кылган. Андан кийин мандариндин калганын көрүш үчүн Ош шаарына келишет.
"Оштон аларды Өткүр, Эрзат жана Арслан аттуу балдар тоcуп алышат. Курал менен коркутуп, атасы менен кызын машина салып Тажикстан тарапка алып кетишет да, белгисиз жерде 20 күндөй кармашат", — дейт ИИМ өкүлү.
Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын изилдөө иштеринин натыйжасында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну, 1990-жылы туулган кылмышка шектүү адам кармалды. Иликтөө иштери жүрүп жатат.