Кыргызстан күндөлүк колдонуудагы азык-түлүктүн үчөөнү гана толук камсыздай алат

Жазылуу
Кыргызстан керектүү болгон азык-түлүктөрдү толук камсыздай албай жатканын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева билдирди.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Былтыр Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн тизмеге кирген азыктардын үчөөнү гана толук камсыздаганын вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева бул жааттагы эксперттердин жыйынында айтты.

Анын маалыматында, 2014-жылы Кыргызстан картошка (151,7 пайыз), жер-жемиштер (143,5 пайыз), сүт жана сүт азыктарын (112,6 пайыз) гана толук көлөмдө камсыздай алган.

"Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу экономикалык жана улуттук коопсуздуктун ажырагыс бөлүгү. Себеби азык-түлүк коопсуздугу өлкөдөгү жалпы социалдык жана экономикалык өнүгүүгө байланыштуу", — деди ал.

Кыргызстан ЕАЭБде айыл чарба азыктары жана текстиль боюнча атаандаштык түзүшү мүмкүн
Өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2007-жылы атайын кеңеш түзүлүп, 2008-жылы бул багытта мыйзам кабыл алынган. Аны ишке ашыруу үчүн 2010-жылы калк колдонгон азык-түлүктүн орточо ченеми аныкталган. Негизги керектүү болгон азыктардын тизмесине нан, картошка, жашылча, жемиш, шекер, өсүмдүк майы, эт жана сүт азыктары, жумуртка кирген.

Ошондой эле 2009-жылы "Наабайканалар үчүн унду байытуу жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. Калкты сапаттуу нан менен камсыздоо үчүн аталган документке 2015-жылы өзгөртүүлөр киргизилип, өлкө аймагындагы жогорку жана биринчи сорттогу унду милдеттүү түрдө витамин, минералдар менен байытуу талабы коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0