БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Афроамерикалыктын өлүмүнөн кийин Балтимордо нааразылык акцияларынын жүрүшүндө кармалгандардын саны 34 адамга жетти деп билдирет РИА Новости Breaking911 порталына таянуу менен.
Мурдараак 12 адам кармалганы тууралуу айтылган.
Breaking911 порталы кабарлагандай, полиция кызматкерлери 34 адамды кармашты. Тополоң учурунда алты тартип сакчысы анча олуттуу эмес жаракат алышып, көпчүлүк дүкөндөрдүн айнектери талкаланып, полициянын бир нече машиналарына жана башка мүлккө зыян келтирилгени айтылууда.
25 жашар афроамерикалык Фредди Грейдин өлүмү менен бүткөн окуя Балтимордо 12-апрелде болгон. Грейди полиция кызматкерлери камакка алышкан. Азырынча окуянын себептери айтылган жок, бирок полиция башкармалыгынын жетекчилери тартип сакчылары "баңги затка байланышкан окуялар көп болуучу кылмыштуулук күч алган аймакта иштегенин, алар Грейди кымыш ишине тиешеси бар деп чечишкенин" билдиршити.
Белгилүү маалыматтарга ылайык, Грей полицядан жашырып калууга аракет кылган, бирок алар аны кармап, микроавтобуска алып барышкан. Андан соң алар тез жардамды чакырып, ал кармалуучуну ооурканага алып кеткен. Кечирээк белгилүү болгондой, Грейдин омурткасы сынган, ал эсин жоготуп, клиникалык өлүмгө дуушар болгон. Дарыгерлер ага операция жасап, бирок өткөн жекшемби күнү Грей көз жумган.
Балтимордун бийлиги шаар тургундарына тергөөнүн жыйынтыктары 1-майга чейин жарыяланат деп билдиришти.