Спикер Ишенбай Абдуразаков туурасында ал кишинин акыйкаттан жазбаган даанышмандыгы учурда жетишпей жаткандыгын айтты.
"Ишенбай Абдуразаковдун өмүр жолуна сереп салсак, максатка умтулуунун, өзүн-өзү ар тараптуу өнүктүрүүнүн өрнөктүү мисалын көрөбүз. Ал терең мазмундуу өмүр сүрдү. Өз жашоосунда байлыкка да, бийлик-мансапка да умтулбай, өзү тандаган багытта астейдил эмгектенди, билим, тажрыйба топтоду. Эл үчүн, мамлекет үчүн, коом үчүн адал кызмат кылуунун айкын үлгүсүн көрсөттү", — деди Жээнбеков.