БИШКЕК, 9-янв — Sputnik. ИноСМИ интернет-ресурсу тарыхчы жана сценарист Саймон Шеманын карикатуранын келип чыгыш тарыхы жана башаттары жөнүндөгү макаласын жарыялаган. Британиялык The Financial Times гезитиндеги материалда автор сатиралык журналга кол салган кылмышкерлерге карата да өз пикирин билдирген.
Европада эркиндик менен күлкү үч жүз жылдан ашык убакыт бою салт катары маанилеш болуп келген жана мазакка алууга болгон укукту болжогон. Сатиранын графикалык түрү биринчи жолу католиктер менен протестанттардын ортосунда узакка созулган каардуу согуштар учурунда курал катары жаралган. Протестанттар үчүн сатиралык чыгармалар Рим чиркөөсүнүн динге ишенбегендерди акылга келүүгө чакырган аракеттерине карата жооп болгон. Ошондуктан протестанттар чиркөө башчылары фантастикалык түрү укмуш жаныбар, ал эми падышалар киши өлтүргүчтөр кейпинде тартылган көрсөтмөлүү каражаттарды ойлоп табышкан. XVII кылымдын ортосунда сүрөттүү гезиттерди ойлоп табышкан голландиялыктар өзүлөрүнүн мындай диний албууттангандыктын курманы деп эсептешкен. Өзүлөрүнүн "сүрөттүү" каршы чабуулун алар испан монархиясына каршы көтөрүлүштү баяндаган сүрөттөрдүн жардамы менен баштаган. Анда эң сүйүктүү үрөй учургуч герцог Альба болгон. Акырындап мындай карикатуралар республиканын ичинде пикирлештердин талаш-тартыш жүргүзүүдөгү кадимки каражатына, ошондой эле "голландия эркиндигинин" тышкы душмандарына каршы куралга айланган.
Биринчи улуу сүрөтчү сатирик Ромейн де Хоге болгон. Аны XVII кылымдын аягында Вильгельм III Оранский Людовик XIV-нүн өлүмүнө чейин созулган каардуу согушта пайдаланган. Де Хоге француз монархына каршы согушту эркиндиктин диний зөөкүрлүк менен болгон күрөшү түрүндө көрсөткөн чоң көлөмдөгү карикатураларды тартышы керек болчу. Ошондой эле, сатириктер өзүлөрүн караңгылык менен күрөш жүргүзүүчү кавалериянын башында сүрөттөшкөн. Сатириктердин колуна эркиндик берүү протестант өлкөлөр үчүн өтө пайдалуу болгон.
XVIII кылымда диний согуш урандыларында ырайымсыз жана эч каражатын аябаган сатира дүркүрөп өнүккөн. Анан калса, сатиранын гүлдөп өсүшүнө, айрыкча Британияда, бир да саясий күч же система бийликти колуна толук ала албагандыгы түрткү болгон. Алсак, вигдер — Британиянын ак сөөктөрү — өкмөттө дээрлик жүз жыл бою үстөмдүк кылып келгени менен, оппозицияны эч качан толук жоё алган эмес. Бардык олигархиядай эле, талаш-тартыштар чыгып, фракциялар түзүлүп, алардын ар бири өз касташынын жасакерлигин сүрөттөп көрсөтүп, алардын эки жүздүүлүгүн ачып жана аларга карата жектөө мамилелерин жана шылдың-күлкүлөрдү жаадыруу үчүн карикатурачыларга кайрылышкан.
Ошентип дал ошол британдыктар саясатты кайра комедия түрүндө көрсөтүп, буга аёосуздук менен, мурда болуп көрбөгөндөй кубаттуулук менен киришти. Ал турсун, акча бийлигинин кысымы астында калган демократияга кас азыркы америкалыктар да сатирадан коркуп, ага түнкү телеберүүдөн коопсуз убакыт бөлүп беришет.
Бирок саясий карикатура гүлдөп турган байыркы улуу заманда андан качып кутулуу мүмкүн эмес болчу. Бир да саясатчы, бир да уюм анын курч тишинен жашына алган эмес. Англиянын чиркөөсү да, методисттер сыяктуу бөлүп-жаруучу секталар да, Англиянын банкы, ал турсун, падышанын үй-бүлө мүчөлөрү анын көз жаздымында калган эмес.
Гилрей бир гана жолу, падышалыктын мураскору боло турган ымыркайдын көчүгүн өөп жаткан саясатчылар тартылган карикатура үчүн камакка алынган болчу, бирок түрмөгө баары бир отурган эмес. Ал кандай гана нерселерди өз билгенинче тартпасын, ага эч нерсе болгон эмес. Шылдың кылуунун мындай укмуш жакшы салтын карикатурачынын Британияда, андан соң Америка менен Европада жолдоочулары: Оноре Домье, Айзек Крукшенк, "Крокодилдин" жана "Жеке тыңчынын" (Private Eye), "Куюп койгондой сүрөттүн" (Spitting Image — британ телеберүүсүндөгү сатиралык куурчак шоу), "Канар Аншене" (Canard Enchainé — сатиралык француз гезити) жана, албетте, "Шарли Эбдо" (Charlie Hebdo) журналынын түзүүчүлөрү өзүнө алышкан.
Кечээ биздин жүзүбүздөгү жылмаюуну сүртүп салууга ырайымсыз кандуу аракет жасалды. Бирок ал сопусунгандар сатириктерди өлтүргөнү менен, сатираны жок кыла алган жок. Тескерисинче, бүгүнтөн тартып Charlie Hebdo журналы жашоо менен күлкүнү өлүм менен сопу сымал сумсаюучулуктан өйдө койгондордун баарын баш коштура турган күчкө айланат. Ошондуктан курман болгондордун эстелиги үчүн (кан төгүүгө, кайгыга жана ачууга карабай) биз бул акылынан адашкан кылмышкерлер жөн эле киши өлтүргүчтөр эмес, маскарапоздор экенин да эстен чыгарбашыбыз керек.
Материалдын оригиналы: Liberty and laughter will live on