Троллейбустарды кооздоо боюнча жаңы жылдык конкурс өтүүдө

© Фото / мэрия города БишкекТроллейбустарды кооздоо боюнча жаңы жылдык конкурс өтүүдө
Троллейбустарды кооздоо боюнча жаңы жылдык конкурс өтүүдө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардыктарга жаңы жылдык маанай тартуулоо максатында аталган конкурсту Бишкек троллейбус башкармалыгы жыл сайын өткөрүп келет.

БИШКЕК, 29-дек — Sputnik. Бишкек троллейбус башкармалыгы жаңы жылга карата эң мыкты кооздолгон троллейбусту тандоо боюнча айдоочулар арасында конкурс өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган башкармалык билдирди.

Архив: жаңы жылдык жарманке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жаңы жылдык жарманке башталды
Шаардыктарга жана келген конокторго жаңы жылдык маанай тартуулоо максатында мындай конкурс жыл сайын өткөрүлүп келет. Аталган конкурс 30-декабрга чейин уланат. Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, конкурстун жеңүүчүсүнө 8 миң сом өлчөмүндөгү сыйлык ыйгарылат.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, троллейбусту кооздоону айдоочулар өз каражатына жасап жатышат. 

"Айрым троллейбустар жаңы жылдык балаты дагы орнотуп алышкан. Кооздоо үчүн 4 миңден 6 миң сомго чейин каражат кетип, баардык жасалгоолорду айдоочулар өздөрү каржылаган", — деп айтылат мэриянын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Шаар тургундарына жаңы жылдык маанай тартуула максатында Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын эл көп чогулган аймактарына балатыларды да орноткон эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0