БИШКЕК, 29-дек — Sputnik. Бишкек шаарынын Жумабек жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде 29-30-декабрь күндөрү жаңы жылдык жарманке иштеп баштаганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Жарманке эки күн бою эртең мененки саат 8:00дөн кечки саат 17:00гң чейин иштейт. Бирок, сатуучулар кардарлардын келишине жараша иштөө саатын узартышы мүмкүн.
Майрамга камылга көрүү үчүн жарманкеден атамекендик өндүрүшчүлөрдүн товарларын – сүт, эт, сыр, колбаса, кондитердик азыктарды сатып алса болот
Ошондой эле, жарманкеде сертификаты бар пиротехникалар да сатыла турганын мэриянын маалымат кызматы белгиледи.