Окумуштуулар уктап жатып арыктоонун жолун тапты

© Фото / Pixabay / Татьяна КрасноваВлияние сна на иммунитет человека
Влияние сна на иммунитет человека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздор уктап жатканда дагы организмдеги майдын эришин активдештирүүгө жардам берген азыкты аныкташты.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Улун чайынан күнүнө эки чыны ичүү — уктап жатканда да организмдеги майдын эришин стимулдаштырат. Бул тууралуу япониялык Цукуб университетинин окумуштууларынын изилдөөлөрүнө таянуу менен "Известия" басылмасы жазып чыкты.
Окумуштуулар белгилегендей, улунда кара жана көк чайдын курамы камтылган. Мында энергия алмашууга жана жүрөктүн кагышынын жогорулашына таасир этүүчү кофеин бар. Изилдөөгө дени сак ыктыярчылардын тобу катышкан.
Адистер улун чайын ичкен адамдардын майы 20 пайызга тезирээк эригенин жана анын таасири адам уктап жатканда да байкалганын билдиришкен. 
Жаңылыктар түрмөгү
0