Судандагы Аскер-деңиз флоту: Россия Африкада күчтөнүп жатат

© Sputnik / Медиабанкка өтүүРоссиянын аскердик кемеси. Архив
Россиянын аскердик кемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Владимир Путин Сергей Шойгуга РФтин атынан Суданда Россиянын Аскер-деңиз флотунун материалдык-техникалык пунктун ачуу боюнча келишимге кол коюуну тапшырды.

Мындай аракет Москвага аймакка курал-жарак жөнөтүүдө коопсуздукту камсыздоого, деңиз пираттары менен күрөшүүгө шарт түзөрүн Sputnik радиосу жазды.

Москва акыркы күндөрү Африка мамлекеттери менен курал жеткирүү боюнча 2,5 миллиард доллардан ашык келишимге кол койду. Анын ичинде Судан дагы бар. Москва менен бул келишимдерди түзгөн айрым мамлекеттерде стабилдүүлүк жок болгондуктан ар дайым курал менен камсыздап туруу боюнча кепилдикке муктаж.

Бирок эң башкысы — Россия дүйнөлүк океанга толук кандуу кайтат. Демек россиялык деңизчилер атайын келишимсиз узак сапарга аттанган учурда кире турчу жайы болот. Бул аскер атомдук крейсерлерге дагы тийиштүү. Керек учурда учактар дагы коно алат. Базада учуп-конуу тилкеси бар.

Тынчтыкка карай жол. РФ аскерлери Карабахтын Лачын коридорун минадан тазалашты - Sputnik Кыргызстан
Тынчтыкка карай жол. РФ аскерлери Карабахтын Лачын коридорун минадан тазалашты
Мындан сырткары, Россия өлкөлөрдүн деңиз порттору жана аэропорттору аркылуу база менен аскер кемелеринин ишине керектүү болгон каалаган жабдыкты жеткирип, кайра чыгарып кете алат. Буга бажы төлөмдөрү дагы алынбайт. Белгилей кетчү жагдай, Хартум (Судандын борбору) Россиянын базасына жерди бекер бөлүп берген.

Судандын бийлиги бир нече жыл мурда россиялык база пираттар, аткезчилик жана адам сатуу менен күрөшүүгө жардам берерин айтып, африкалык мамлекеттин деңиз чек араларында мыйзам бузуулар көп болорун белгилешкен.

Аскер эксперттеринин айтымында, буга чейин СССРдин чет элдик аскер базалары Африкада дээрлик ыңгайлуу жайгашкан. Мисалга Йемендин Аден, Сомали жана Эфиопиясын атаса болот. Ал жактан Кызыл деңизге кирген-чыккандарды көзөмөлдөп турса болор эле. Анткен менен бүгүнкү күндө ар кандай, анын ичинде саясий жана аскерий себептерден улам стратегиялык ыңгайлуу аймакка кайтуу мүмкүн болбой жатат.

Жакында эле Кытай өзүнүн куралдуу күчтөрүн чет элдик аймактарды түзүү боюнча алдыдагы 30 жылга ылайыкталган масштабдуу иштерди аткарууга киришти. Бул факты Африка аймагынын канчалык маанилүү экенинен кабар берип турат. Пекиндин аскерий жаңы стратегиясы "улуттук аймакты коргоодон" "улуттук кызыкчылыктарды мамлекеттин сыртында жүргүзүүгө" басым жасоого өттү.

Үч жыл мурда Кытай өзүнүн биринчи чет элдик Аба-деңиз күчтөрүнүн материалдык-техникалык камсыздандыруу пунктун Чыгыш Африкадагы Жибути республикасында ишке киргизген.

Москва өзүнүн объектисине 300 адам жана төрт кеме гана киргизе алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0