Лукашенко ЕБдин "кара тизмесине" кирген жок. Себебин Макрон түшүндүрдү

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүФранциянын президенти Эммануэль Макрон. Архив
Франциянын президенти Эммануэль Макрон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Европа биримдиги Беларустагы окуяда адам укуктары тебеленди деген жүйө менен беларустук 40тай аткаминерге санкция жарыялай турганын айткан.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Европа биримдиги (ЕБ) Беларусь окуясы боюнча санкция иштеп чыгып, 40тай адамды "кара тизмеге" киргизди. Бирок ага өлкө лидери Александр Лукашенко кошулбаганын РИА Новости агенттиги жазды.

Мындай кадамдын себептерин ЕБдин кезектеги жыйынынан кийин Франциянын президенти Эммануэль Макрон түшүндүрүп берди.

"Биз Беларусь окуясы боюнча диалогго барууну көздөп жатабыз. Эгер Лукашенкону "кара тизмеге" киргизип койсок, өзүбүз диалогдон баш тарткан болуп калмакпыз. ЕБ Лукашенкону элдин ишенимин сүйлөшүү жолу менен кайтарууга, саясий туткундарды, анын ичинен президенттикке мурдагы талапкерлерди бошотууга чакырат", — деди Макрон.

Буга чейин Европа биримдиги Беларустагы окуяда адам укуктары тебеленди деген жүйө менен беларустук 40тай аткаминерге санкция жарыялай турганын айткан.

Евробиримдик жана АКШ: Беларусь менен көйгөйлөрүн Польша өзү чечип алсын

Эске салсак, 9-августта Беларуста президенттик шайлоо өткөн. БШКнын эсеби боюнча, өлкөнүн учурдагы башчысы Александр Лукашенко добуштардын 80,1 пайызына ээ болсо, экинчи орунду 10,12 пайыз менен Светлана Тихановская ээлеген. Ал эми оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Тихановская Литвага чыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0