Дүйнөлүк карантинди эки жылга созуу зарылдыгы жаралышы ыктымал. Иликтөө

© REUTERS / MARZIO TANIOLOКарантин жарыяланган шаарда үйүндө отурган Италиялык адам
Карантин жарыяланган шаарда үйүндө отурган Италиялык адам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздор пандемияны көзөмөлгө алуу үчүн бир жолку карантин жетишсиз деген жыйынтыкка келишкен. Алар коронавирустун экинчи этабы азыркыдан да коркунучтуу болушу мүмкүн деп божомолдоодо.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк карантинди эки жылга созуу зарылдыгы жаралышы ыктымал. Бул тууралуу Гарварддын эпидемиологдору билдиргенин Science басылмасы жазды.

Илимпоздор пандемияны көзөмөлгө алуу үчүн бир жолку карантин жетишсиз деген жыйынтыкка келишкен. Алар коронавирустун экинчи этабы азыркыдан да коркунучтуу болушу мүмкүн деп божомолдошту.

Эгер коронавируска вакцина жасалып же аны дарылоонун эффективдүү ыкмасы табылбаса, 2025-жылы коронавирус пандемиясы кайрадан кайталанышы ыктымал.

Гарварддын эпидемиология бөлүмүнүн профессору Марк Липсичтин айтымында, адамдардын көбү вируска туруштук бере албагандыктан, вирус өлбөйт, тарай берет.

"Азырынча калктын көпчүлүк бөлүгү вируска туруштук бере албайт. Балким, массалык иммунитет бардыр, азырынча ал тууралуу билбейбиз", — деген ал.

Медициналык кызматкер ооруканада иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан айыккандарды ооруканага жумушка тартса болот. Илимпоздун сунушу
Макалада жазылгандай, эгер дарылоонун жаңы ыкмалары чыгып, эмдөө башталса азыркыдай бекем тартип жеңилдеши ыктымал.

"Бирок мындай шарттардын жоктугунан тартипти, дарыгерлердин аралыкты сактоо боюнча айткандарын аткара туруу керек болот", — деп жазган авторлор.

Басылманын маалыматына ылайык, окумуштуулар коронавирустан айыккан адамдын иммунитети канча убакытка чейин сакталарын али аныктай элек. Эгер ал туруктуу болсо, COVID-19 беш жылдан кийин жоголушу ыктымал. Эгер адамдарда иммунитет бир жылга чейин эле сакталса, анда вирус жыл сайын келе бериши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0