Шорпонун пайдалуулугу тастыкталды. Күтүлбөгөн жыйынтык

© Sputnik / Актан ТемиркановКазанда бышып жаткан эт. Архив
Казанда бышып жаткан эт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттер үйдөн даярдалган 56 түрлүү шорпону изилдеп чыгышкан. Аны тек-жайы, расасы ар башка болгон баштапкы мектептин окуучулары даярдатып алып келишкен. Адатта шорпо суук тийген адамга миңдин бири экени маалым.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Лондондун Империялык колледжи менен Грейт Ормонд Стрит балдар ооруканасынын окумуштуулары эт менен жашылча-жемиштерди кайнатып ичүү безгек (малярия — ред.) оорусун козгоочу Plasmodium falciparum паразиттерин өлтүрө турганын аныкташты. Иликтөөнүн жыйынтыгын MedicalXpress жазып чыккан.

Занятия йогой - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар депрессиядан арылуунун оңой жолун айтышты
Эксперттер үйдөн даярдалган 56 түрлүү шорпону изилдеп чыгышкан. Аны тек-жайы, расасы ар башка болгон баштапкы мектептин окуучулары даярдатып алып келишкен. Адатта шорпо суук тийген адамга миңдин бири экени маалым.

Окумуштуулар беш түрлүү шорпонун курамындагы ингредиенттер 72 саат бою Plasmodium falciparum паразитинин өнүгүүсүн 50 пайызга токтото алганын, дагы төртөө андан да көбүрөөк санды көрсөткөнүн белгилешти.

Мындай натыйжа безгекке каршы күрөшө турган ингредиентти аныктоо үчүн мындан ары да иликтөөлөрдү жүргүзүү зарыл экенин айгинелери айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0