Чоң курсактуу эркектер кандай дартка чалдыгат? Дарыгерлердин жообу

© AP Photo / Rogelio V. SolisТолук эркек адам. Архив
Толук эркек адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлердин айтымында, эркектер салмагына көз салып, тез-тезден белин ченеп турушу керек.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Медицина кызматкерлери чоң курсак эркек кишилерге кандайча зыян экенин айтып беришти. Бул тууралуу "Известия" басылмасы кабарлады.

Адистердин айтымында, май ички органдардын иштөөсүнө терс таасир этиши ыктымал. Ал белок бөлүп чыгарып, кант диабетинин пайда болушун шарттайт. Май жүрөк оорусун жана ар кандай шишик дарттарын да чакырышы мүмкүн.

Центр для похудения в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Япон окумуштуулары ашыкча салмак алуунун жаңы себебин аныкташты
Мындан улам дарыгерлер эркектерге салмагына көз салып, тез-тезден белин ченеп турушу керектигин айтты. Орто бойлуу кишилердин бели 94 сантиметрден ашпашы керек.

Курсактагы майдан арылуу үчүн адам тамакты таптап ичип, майлуу азык-түлүктөрдү аз жеши шарт. Туура эмес уктоо жана стресс дагы адамдын семирип, курсагынын чыгып кетүүсүнө бирден-бир себеп.

Жаңылыктар түрмөгү
0