Бөйрөгү санында жайгашкан 10 жаштагы бала. Мутация жана тестиердин жашоосу тууралуу

© AFP / THOMAS SAMSON Ооруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө бала жарыкка өз мөөнөтүнөн алты жума эрте келген.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Британиялык 10 жаштагы Хэмиш Робинсон бөйрөгү санында жайгашкан жападан жалгыз бала болуп саналат. Мындай өзгөчөлүккө мутация себеп экенин Inside Editiion порталы жазып чыкты.

Баланын 7p22.1 хромосомасы жок экенин аныктаган генетик оору боюнча илимий иш жазып, аны "Хэмиш синдрому" деп атаган.

Маалыматта өзгөчө баланын өз мөөнөтүнөн алты жума эрте жарыкка келгени айтылат. Бир нече айдан кийин өсүүсү жай экенин байкаган энеси ымыркай биринчи сөзүн 1,5 жашында айтканын, экинчи сөзүн алты жыл күтүүгө туура келгенин баяндап берген.

"Негизи бөйрөктүн башка жакта жайгашуусу же эктопия өтө сейрек кездешүүчү көрүнүш. Болжол менен 900 адамдын бирөөндө кездешет. Ал эми анын бут жактан орун алышын дегеле угуп-көргөн эмеспиз", — деди дарыгер Эндрю Ордон.

Орган балага эч кандай тоскоолдук жаратпагандыктан доктурлар аны жөн коюшкан.

Генетикалык илдетине карабастан Хэмиш кадимки мектептен билим алат, бирок окуп-жазганда жардамга муктаж. Сабактан тышкары каратэ менен алектенип, трамплинден секирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0