Samsung ракка чалдыккан кызматкерлеринен кечирим сурады

© REUTERS / Kim Kyung-HoonTokyo Game Show 2017 в Чибе
Tokyo Game Show 2017 в Чибе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Директор компания тараптарды кепке келтирген макулдашууну кыйшаюусуз кабыл аларын айткан.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Samsung Electronics Co. компаниясы өндүрүштө иштеп жүрүп, онкологиялык ооруга чалдыккан кызматкерлеринен расмий түрдө кечирим сурады. Бул туурасында РИА Новости Korea Bizwire порталына таянып жазды.

Маалыматта жумушчулар жарым өткөргүчтөр менен дисплейди жасаган бөлүмдөрдө иштеп жүрүп аталган илдетке чалдыкканы айтылган.

Дары дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ракты чакырган дарылар сатылабы?..
Samsung компаниясынын цехтеринде териштирүү иштери жарым өткөргүчтөр менен иштеген кызматкер лейкемиядан каза тапканда, тагыраагы, 2007-жылы башталган. Ооруган башка жумушчулар да компаниядан компенсация төлөп берүүнү, кечирим суроону жана мындай тобокелдиктин алдын алуу чараларын көрүүнү талап кылган.

Кийинчерээк, ноябрь айында тараптарды кепке келтирип, арбитр болгондор компания ооруган ар бир адамга 150 миллион вон (132 миң доллар) төлөп бере тургандыгын айткан.

"Samsung Electronics суюк кристаллдык дисплейлер менен жарым өткөргүчтөр өндүрүшүндө ден соолукка жараткан кооптуулукту толугу менен көзөмөлдөй албай калган. Бүгүнкү күндө илдетке чалдыгып жапа чеккендерден, алардын үй-бүлөсүнөн чын дилден кечирим сурайбыз", — деген компаниянын башчысы Ким Ки Нам.

Ал Samsung тараптарды кепке келтирген макулдашууну кыйшаюусуз кабыл аларын айткан. Компенсацияны 2028-жылдын 31-октябрында төлөнүп бүтөт деп белгиленген. Маалыматта бул мөөнөт капыстан пайда болгон жагдайлардан улам узарып кетиши да мүмкүн экени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0