Чөбөрө көргүң келеби? Дарыгерлер узак жашоонун сырын ачты

Жазылуу
Окумуштуулардын айтымында, көп жашайм деген адам бир нече гана шартты аткара жүрүшү керек.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Туура тамактануу, көп кыймылдоо жана коомдук турмушка активдүү аралашуу. Бул нерселер адамдын өмүрүн узартарын Россиянын Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

Министрликтин башкы гериатры (улгайган адамдардагы ооруларды изилдеп, дарылоочу адис — ред.) Ольга Ткачеванын айтымында, карылыктын негизги себеби — дене булчуңдарындагы кыймылдын азайышы.

"Адам көп кыймылдаган учурда гана булчуңдарындагы күчү сакталат. Демек дененин жаштыгы узарат. Дал ушул жерде туура тамактануунун, тагыраагы, жер-жемиштерге басым жасоонун ролу чоң. Мындан тышкары, адам тегерегиндегилерге өтө керек экенин сезгенде жашоого болгон сүйүүсү күчөйт. Бул нерсе өмүрдү узартууга шарт түзөт", — деди адис.

Бирок Ткачева кошумчалагандай, узак жашоого бул үч нерсе гана кепилдик бере албайт. Небере-чөбөрө көрөм деген киши күн сайын уйкусун кандырууга, кан басымын бир калыпта кармоого жана ичимдик, чылымсыз жашоого аракет кылышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0