Белгилүү окумуштуу Стивен Хокинг дүйнө салды

© AFP / JUSTIN TALLISБелгилүү физик-теоритик Стивен Уильям Хокинг. Архив
Белгилүү физик-теоритик Стивен Уильям Хокинг. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буту-колу иштебей калганына карабастан Хокинг компьютердик синтезатор аркылуу дарс окуп, сабак берип келген.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Дүйнөгө белгилүү физик-теоритик Стивен Уильям Хокинг 77 жашында каза болду. Бул тууралуу ВВС телеканалы окумуштуунун үй-бүлө мүчөлөрүнө таянуу менен билдирди.

Окумуштуу шаршемби күнү Кембридж шаарындагы үйүндө көз жумду.

Хокингдин балдары өз билдирүүсүндө атасы улуу окумуштуу болгонун, анын илимий иштери унутулбай турганын айтышкан.

Робот HRP-4C. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: роботтор кытайлыктардын 77 пайызын ишсиз калтырат
Физик-теоритик Хокинг космостук сингулярдуулуктун пайда болуусун изилдеген. Ага дарыгерлер 22 жашында амиотрофиялык склероз деген диагноз коюп, эки-үч жыл жашайт деп божомолдошкон. Бирок Хокинг илимий иштерин улантып, эки жолу үйлөнүп, үч баланын атасы болгон.

1998-жылы "Убакыттын кыска тарыхы" ("Краткая история времени") аттуу китеп жазып, ал он миллиондогон тираж менен тараган. Китепте ааламдын пайда болушу, боштук жана убакыт тууралуу баяндалган. Андан сырткары, кара тешик теориясын жазган.

Буту-колу иштебей калганына карабастан Хокинг компьютердик синтезатор аркылуу дарс окуп, сабак берип келген.

Окумуштуу тууралуу 2015-жылы "Стивен Хокингдин ааламы" (The Theory of Everything) аттуу тасма тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0