Сауд Аравиянын прокуратурасы аялдарды тергөөчү кылып ала баштады

© AFP / FAYEZ NURELDINEХиджаб кийген аялдар. Архив
Хиджаб кийген аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган өлкөдө былтыр кыз-келиндерге унаа айдоого жана спорттук иш-чараларга катышууга уруксат берилген

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Сауд Аравиянын прокуратурасы аялдарды тергөөчүлүк кызматка ала турганын жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости "Медина" гезитине таянып кабарлады.

Башкы прокурор Сауд аль-Мужибдин айтымында, тергөөчүлүк кызматка Сауд Аравиянын жараны болгон жогорку билимдүү кыз-келиндер гана алынат. Ошондой алар атайын тест жана даярдыктан өтүшөт.

"Прокуратурада иштейм дегендерге олуттуу сынактан өтүүгө туура келет. Андан соң гана алар кылмыштарды иликтеп, сотторго көрсөтмө берип, өлүм жазаларын көзөмөлдөп, абактарды текшере алат", — деди Сауд-аль-Мужиб.

2015-жылы аталган мамлекеттин башына Салман бен Абдель Азиз Аль Сауд келгенден бери өлкөдө өзгөрүүлөр көп болууда. Анын ичинде аялдардын эркиндигине көңүл бурулуп, былтыр аларга унаа айдоого жана спорттук иш-чараларга катышууга уруксат берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0