11:40 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Александрия шаары. Архивдик сүрөт

Египеттик археологдор Жер Ортолук деңизинен үч кеменин калдыгын табышты

© Sputnik / Павел Давыдов
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
117 0 0

Кеме калдыктары Александрия портунун Чыгыш районунан табылган. Ал жакта Рим дооруна таандык бир канча алтын тыйындар жана эстеликтин бөлүктөрү болгон.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Александрия шаарынын аймагындагы Жер Ортолук деңизде иштеп жаткан археологдор Рим империясына таандык үч кеменин калдыктарын табышты. Бул тууралуу РИА Новости МЕНА маалымат агенттигине таянуу менен билдирди.

Байыркы эстеликтер боюнча Жогорку кеңештин башкы катчысы Мустафа Вазирдин айтымында, кеме калдыктары Александрия портунун Чыгыш районунан табылган. Арасында Рим дооруна таандык бир канча алтын тыйындар жана эстеликтин бөлүктөрү болгон.

Чөгүп кеткен эстеликтер боюнча башкармалыктын жетекчиси Усама ан-Нахас табылган кеменин калдыктары "бул райондо ачыла элек сырлар көп экенинен кабар берерин" айткан.

Ал окумуштуулар дагы төртүнчү кемени табышы мүмкүн экенин кошумчалады. Себеби изилдөө иштери учурунда байыркы кемеге таандык делген жыгач тактайчалар, буюмдар бар болуп чыккан.

Тема боюнча

Египеттеги 3500 жыл мурунку күмбөздүн табылгалары. Жеринен алынган видео
Кытайда куруучулар 1,5 миң жыл мурунку күмбөз табышты
Археологдор Египеттен байыркы шаардын калдыктарын табышты
Белгилер:
кеме, калдык, археология, Египет

ЭҢ МААНИЛҮҮ