08:14 04 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
1301 0 0

Кош бойлуу эркек негизи аял болуп төрөлгөн. Бирок кийинчерээк жынысын алмаштыруу үчүн операция жасатып, эркектин наамында, идентификациялык номери да эркек деп көрсөтүлгөн документ алган.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Финляндиялык дарыгерлер өлкө тарыхында биринчи жолу "эркектин боюна бүткөн" окуяны катташты. Бул тууралуу РИА Новости Yle телерадиокомпаниясына таянып кабарлады.

Кош бойлуу эркек негизи аял болуп төрөлгөн. Бирок кийинчерээк жынысын алмаштыруу үчүн операция жасатып, эркектин наамында, идентификациялык номери да эркек деп көрсөтүлгөн документ алган. Гормоналдык дарылоосун токтоткондон кийин анын боюна бүткөн, мындай кадамын анын өнөктөшү да колдогон.

Болочок ата-эне кош бойлуулук жакшы өтүп жатканын айтып, бирок ооруканага, аялдардын консультациясына барганда бир аз кыйналып жатышканын кошумчалашкан.

Тарыхта биринчи жолу "кош бойлуу эркек" америкалык Томас Бити болгон. Аял болуп төрөлгөн Трейси Лагондино 2002-жылы жынысын алмаштырып операция жасатып, Томас деген ат менен эркекке айланган. Беш жылдан соң ал жасалма уруктандыруу менен боюна бүтүрүп, бала төрөгөн.

Тема боюнча

Жалал-Абадда жыл башынан бери 11 аял төрөттөн каза болду
Казакстандын Таразында 6 килограммдан ашык салмактагы кыз төрөлдү
Белгилер:
кош бойлуу, операция, уруктандыруу, Финляндия

ЭҢ МААНИЛҮҮ