ЖМК: Мексикада жыл жаңыргандан бери 10-журналист киши колдуу болду

© REUTERS / Jose Luis GonzalezМексиканын полиция кызматкерлери. Архив
Мексиканын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мексиканын журналисттер коомунун маалыматы боюнча 2000-жылдан бери 120 журналист өлтүрүлүп, 20сы дайынсыз жоголгон. Андан сырткары, 50 жолу кол салуу катталган.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Мексикадагы Diario de Acayucan басылмасынын кабарчысы Кандидо Риос Васкес өлтүрүлдү. Ал жыл башынан бери киши колдуу болгон журналисттердин 10чусу болгонун РИА Новости агенттиги Unvision басылмасына таянуу менен жазып чыкты.

Билдирүүгө ылайык, журналист Мексиканын батышындагы Веракрус штатында шейшемби күнү атып өлтүрүлгөн. Аны менен кошо дагы эки киши жок кылынган, бирок прокуратура кошумча маалымат бере элек.

Граница США и Мексики - Sputnik Кыргызстан
АКШ Мексика менен чек аралаш аймагына дубал куруу үчүн 1,6 млрд. доллар бөлөт
Август айынын башында Төмөнкү Калифорния штатынын Росарито шаарында CNR телеканалынын телеоператору Лучано Ривера атылган. Ага чейин болсо уурдалып кеткен журналист Сальвадор Адамдын өрттөлгөн сөөгү табылган.

Ал эми Синалоа штатынын Кулиакан шаарында баңгизат темасын көп чагылдырып келген журналист Хавьер Вальдем өлтүрүлгөн. Ошондой эле Jornada басылмасынын кабарчысынын өлтүрүлүшү да коомдо бир топ нааразычылыктарды жараткан.

Мексиканын журналисттер коомунун маалыматы боюнча 2000-жылдан бери 120 журналист өлтүрүлүп, 20сы дайынсыз жоголгон. Андан сырткары, 50 жолу кол салуу катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0