Владимир Путин Кыргызстанга 28-мартта мамлекеттик сапар менен келет. Визиттин алкагында Кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын 21-отуруму болот. Эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусу менен аймак аралык VIII конференция өтөт. Путин КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугат. Сапардын жыйынтыгында 15 документке кол коюу күтүлүүдө.