00:07 17 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7960
  • EUR99.8176
  • RUB1.1707
Видео

Индияда тоонун бир бөлүгү туристтердин алдына кулады. Видео

Кыскача шилтеме алуу
454 0 0
© YouTube / Disasters News

Индияда жер көчкү тоодогу жолдун бир бөлүгүн талкалады. Химачал-Прадеш штатынын Сирмаур районунда болгон жаратылыш кырсыгы жергиликтүү тургундар менен туристтердин үрөйүн учурган.

Күбөлөр жүрөк түшүргөн учурду видеого тартып алып, соцтармакка байма-бай жүктөп жатышат. Анда көрүнүп тургандай, тоодон топурак түшүп, бир маалда анын бир бөлүгү жерди көздөй кулаган. Андан тышкары, чоң таштар катуу ылдамдык менен тоодон кулап, жердеги үй, автоунааларга түшкөн.

Sputnik Тажикстан билдиргендей, жаратылыш кырсыгынан жабыркаган жана каза болгондор тууралуу азырынча маалымат жок.

Тема боюнча

Автоунаалар калкып... Балыкчы менен Тоңдо сел жүрүп, жолдор бузулду. Видео
Белгилер:
Индия, Жер көчкү, тоо, турист, видео

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ