09:54 02 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7585
  • EUR100.8923
  • RUB1.1589
Видео

Жерде автоунаа, асманда учак болуп жүрө ала турган жаңы техника. Видео

Кыскача шилтеме алуу
320 0 0
© YouTube / KleinVision

Жолдо кадимки эле автоунаа катары жүрүп, ал эми абага көтөрүлөрдө эки капталына жыйналып коюлган канаттары ачылат.

Буга чейин кездешпеген техника эки мүнөттө автоунаадан учакка "айланып кете" турган AirCar Словакиядагы эки шаардын — Нитра менен Братиславанын ортосунда асманга көтөрүлдү. Бул тууралуу BBC жазды.

Аны Стефан Кляйн аттуу профессор жасап, өзү айдап чыгып элге көрсөткөн. BMW кыймылдаткычы коюлган гибрид учак-автокөлүктүн бензин менен жүрөрү айтылды.

Жолдо кадимки эле автоунаа катары жүрүп, ал эми абага көтөрүлөрдө эки капталына жыйналып коюлган канаттары ачылат. Абага учканда эки кишини көтөрө алат, тагыраагы, 200 килограмм жүккө алы жетери айтылды. 2,5 миң метр бийиктикте саатына 170 чакырым ылдамдык менен жүргөнгө жөндөмдүү. Бир учканда 1000 чакырым жерди басып өтө алары да маалымдалды.

Klein Vision компаниясынын өкүлдөрү мындай универсалдуу техниканы жасаганга эки жылга чукул убакыт жана эки миллиондон азыраак евро кеткендигин билдиришкен. Алар AirCar менен чакан учактар жана аба таксилери боюнча дүйнөлүк рыноктун бир бөлүгүн ээлегенге аракет кылып жатканын да маалымдашты.

Маалыматта АКШ жылына мындай 40 аппаратка буюртма берери жазылган.

Тема боюнча

BTS музыкасына шаңдуу бийлеген Boston Dynamics роботтору. Видео
Белгилер:
Словакия, учак, автоунаа, ачылыш

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ