Тажикстанга барган Жапаровду аэропорттон кимдер, кантип тосуп алышты. Видео

Жазылуу
Жапаровдун сапардын алкагында Эмомали Рахмон менен жолугуп, кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселелерди талкуулай турганы айтылды.
Тажикстанга расмий сапар менен барган президент Садыр Жапаровду Душанбедеги аэропорттон Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода тосуп алды.
Жапаровдун сапардын алкагында президент Эмомали Рахмон менен жолугары күтүлүүдө. Мурдагы маалыматтарда алардын кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселелерди талкуулай турганы айтылган.
Президентти коштоп барган Кыргызстандын расмий делегациясынын курамына төмөнкү жетекчилер кирди:
  • тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;
  • Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев;
  • Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рүстөмбеков;
  • транспорт жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева;
  • өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;
  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;
  • министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев;
  • министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов;
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев.
Белгилей кетсек, 27-28-июнь күндөрү Жапаров Түркмөнстанга расмий сапар менен барып, андан соң Душанбеге учкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0