Айдоочуга сыноо, жүргүнчүгө азап берген жол. Бишкек — Ош трассасынан репортаж

Жазылуу
Бишкек — Оштун бүтпөгөн жолу айдоочулардын айласын кетирүүдө. Узаган аптанын дем алыш күндөрү өлкөнүн негизги трассаларында 15 адам набыт болду. Айдоочулар аңгектен качсаң дөңгөккө кептеген жол каргашанын бир себеби болуп жатканын айтат.
Аталган трассанын Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ууру-Жар айылында өткөн аптанын аягында Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Honda Odyssey кагышкан. Кырсыктын кесепетинен жети адам мерт болду. Ал эми Чолпон-Атада үч жана Ноокат районунда алты адам каза тапты.
Буга президент Садыр Жапаров да көңүл буруп, ИИМге жол кырсыктарын алдын алуу ишин күчөтүүнү тапшырды.
Түндүк менен түштүк региондорун бириктирип турган жолдогу аң-чөнөктөр күн сайын көбөйүп жатат. Ал эми оңдоо иштери башталган тилкелер үч-төрт жылдан бери бүтпөй турат. Жолдордун абалын жеринен көрүп, көйгөйдү коомчулукка жеткирүү максатында Sputnik Кыргызстандын кабарчылары таксиге отуруп Ошко сапар алды.
Карантиндик постто турган ИИМ кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Штаб: Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй жана Ош облустарына каттабай тургула
Айдоочуларды түйшүккө салган шагыл жол шаардан чыгып Сокулук районуна киргенде эле башталат.
Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо иштери 2017-жылы башталган, анын узундугу 52,5 чакырымды түзөт. Жакында эле министрлер кабинети 2022-жылдын октябрында оңдоп бүтөрүн билдирди. Бул кыргыз өкмөтү бир жылда 10 чакырым гана жол кура аларын айгинелейт.
Таксист Чолпонбай Мамасадыков бул жол менен 20 жылдан бери каттайт. Ал бизге ар бир жерди коён жатагына чейин көрсөтүп берди.
"Сосновка" постунан өтүп Төө-Ашууга чыгып бараткан жолдо бирин-серин аң-чөнөктөр пайда боло баштаган. Хусейин Көлбаев атындагы туннелдин ичиндеги жол да бузулуп кеткенине күбө болдук.
Ал эми Төө-Ашуунун түштүк тарабына өткөндө айдоочулар айла жок сөгүнөт, себеби жолдун ар жери оюлуп кеткен. Аң-чөнөктөн качып айдаганда Суусамырдан чыкканга чейин автоунаа жылан сымал сойлоп бараткандай элес калтырат.
"Соңку эки-үч жылдан бери жолдор өтө жаман болуп кетти. Эгер бурулуштарда аңдан качам деп каршы тилкеге өтө койсо, ары жактан катуу келген унаа менен кагышып кетиши мүмкүн. Кээ бир жерлерди жамоо үчүн төрт бурчтук кылып кесип кеткен, бирок дароо асфальт төшөп койбой көпкө калтырып коюшат. Караңгыда аны көрбөй катуу барып түшүп калсаң дөңгөлөк жарылат, дисктер сынат. Азыр тетиктер дагы кымбаттады, дөңгөлөк эле 2500 сом", — деди таксист.
Мамасадыковдун айтымында, мурда жолго 10 саат убакыт кетсе, азыр 13 саатта жетип жатканын айтат. Мындан улам жеңил автоунааларда жол кире 1200дөн 1500 сомго кымбаттаган. Ал эми минивэндер 1000ден 1200 сомго көтөргөн. Буга күйүүчү майдын баасы өскөнү да таасир берди.
Жол куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жапаров Балыкчы — Барскоон жолунун курулушун баштоону тапшырды
Ала-Бел ашуусунан ары унаа зуулдаган бойдон кетип Кочкор-Ата шаарына барып такалат.
Транспорт министрлиги Маданият — Жалал-Абад жолун оңдоого 2019-жылы киришкен. Анын узундугу 67 чакырым, 2022-жылдын аягына чейин куруп бүткөрүү пландалууда.
Учурда Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун аймактарында шагыл жолдон чаң сапырылып жатат. Кээ бир жерге суу себилсе, көпчүлүк бөлүгүнө себилбейт экен. Мындан улам чаң ызгып жол туман сымал астыңдан көрүнбөй калат.
Жалал-Абад шаарынан чыккандан кийин Ошко чейин аң-чөнөк жок, асфальт бүтүн.
Таксисттер Бишкек — Ош жолун жакшы билбегендерге кырсыктан оолак болуу үчүн күндүз гана жолго чыгууну сунуштайт.
Жыйынтыктап айтканда, эгер өкмөттүн планы кынтыксыз аткарылса, айдоочулардын түйшүгү жеңилдеп, түз жол менен каттап калат. Ага чейин абайлап, этияттык менен жүрүү талап кылынат.
Жаңылыктар түрмөгү
0