Пугачеванын хитке айланган ыры кыргызча жаңырды. Видео

Жазылуу
Бишкектик аткаруучу Александр Волкодав "Любовь, похожая на сон" ырынын кыргыз тилиндеги ремейкин аткарды.

Ремейк "Махабат" деп аталат. Аткаруучу ыр сөзмө-сөз которулбаганын билдирди.

"Биз ырдын текстин сөзмө-сөз эмес, маанисине жараша котордук. Текст менен Максат Тынаев, аранжировка менен Марат Жунушов иштеди", — деди Волкодав.

Ырчы ремейк 2019-жылдын июль айында чыгарылып, 2020-жылы гана популярдуу болгонун айтты.

"Любовь, похожая на сон" чыгармасына 25 жылдан ашты. Аны Алла Пугачева аткарып, көптөгөн сыйлыктарга татыган. Ырдын композитору Игорь Крутой, ал эми текстинин автору боюнча талаш-тартыш бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек. Эки поэтесса — Валерия Горбачева менен Любовь Воропаева текстин жазганын айтып келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0