UFC уюмунун 2020-жылдагы соңку турниринин эң мыкты учурлары. Видео

Жазылуу
АКШда аралаш мушташ боюнча UFC Vegas 17 турнири өттү. Абсолюттук мушкерлер уюмунун 2020-жылдагы соңку турнири Лас-Вегаста уюштурулган.

Кеченин башкы беттешинде америкалык спортчулар Стив Томпсон менен Жефф Нил беттешип, калыстардын чечими менен биринчи атлет жеңүүчү деп табылган.

Турнирдин дагы бир башкы беттешинде бразилиялык Жозе Альдо эквадорлук Марлон Вераны утуп алган. Мында да беттеш аяктабай жатып, калыстар мөөнөтүнөн мурда чечим чыгарышкан.

Мындан тышкары, беттештин негизги кардында үч беттеш, болжолдуу бөлүгүндө жети кармаш болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0