Өзбек ашпозчулары Москвада 797 кг лагман жасап рекорд жаратты. Видео

Жазылуу
Өзбекстандын ашпозчулары Москвада өткөн "Тюбетейка" аттуу маданий фестивалда лагман жасап, Россиянын рекорддор китебине кирди.

Өзбекстанда даярдалган 6 тонна палоо - Sputnik Кыргызстан
Өзбектер 22 миң адамга жетерлик аш басып дүйнөнү таң калтырууга бел байлады
Sputnik Өзбекстан мынчалык көлөмдүү лагманды жасоого дээрлик бир тонна азык-түлүк кеткенин, аны менен миңден ашуун адамды азыктандырууга болорун жазат.

Рекорддорду каттоо боюнча "Интеррекорд" агенттиги жасалган лагмандын салмагы 797 килограмм 750 грамм деп расмий катталганын жар салды. Муну менен алар буга чейин казак ашпозчулары жасаган рекорддон ашып түшкөнү айтылат.

Иш-чарага конок катары Кыргызстандын биринчи космонавты Салижан Шарипов, музыкант Ухтам Хакимов, "На-На" тобунун продюсери Бари Алибасов жана башкалар чакырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0