Коронавирустун алдын алып жатам. Бет кап кийген шаардыктардын видеосу

Жазылуу
Бишкектин дарыканаларында бет каптын баасы кескин өскөнү байкалды. Айрым шаардыктар медициналык каражатты коронавирустан сактануу үчүн тагынып жатканын айтты. Ал ортодо элдин дүрбөлөң түшкөнүнөн алып сатарлар пайда көрүп жатканы белгилүү болду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бет кап айланасындагы окуяга абай салды. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Жылдыз Жумагулованын айтымында, маска алып келген 8 компаниянын жана 20 фармацевтикалык компаниянын ээлерин чогултуп, бет каптын баасын кымбаттатпоону сүйлөшүшкөн.

Эпидемия ОРВИ в Москве - Sputnik Кыргызстан
Бет капты кымбаттатып, элди пайдаланып жатышат. Министрлик абал тууралуу
Ал белгилегендей, элдин дүрбөлөң түшүп жатканын байкаган ортомчулар пайда көрүп калууга аракет кылууда. Маселен, дүңүнөн саткан жерден 500 миң бет кап алып кетип, кайра эле дарыканаларга кымбат баада сунуштагандар болгон. Мындан улам компанияларга аз-аздан бөлүп сатууну, дарыканаларга бир адамга 20дан ашык сатпоону сунушташкан.

Бишкектеги дарыканаларды кыдырганыбызда бет каптын баасы 5 сомдон 7-10 сомго чейин өскөнү байкалды. Муну фармацевттердин бири дары саткандар келбей жатканы менен түшүндүрүштү.

Көчөдөн бет кап тагынган шаардыктарга суроо узатканыбызда аны сасык тумоолоп же Кытайда тарап жаткан коронавирустан коргонуу үчүн тагынып алышканын айтып беришти.

Министрлик жарандарды тынчсызданбоого чакырып, запаста 2 миллиондой маска бар экендигине ишендиришти. Бет кап жетишсиздиги жаралса чаралар көрүлмөкчү.

Коронавирус 2019-nCoV

Пресс-конференция Санэпиднадзор об отравлениях и о заражениях в летний период - Sputnik Кыргызстан
Радио
Дарыгер: коронавируска караганда сасык тумоодон көз жумгандар көп
Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус 2019-nCoV экендигин аныктаган.

Кытай эксперттеринин айтымында, вирус 1-2 метр аралыкта аба аркылуу жана кир кол менен көздү сүрткөндө адамга жугат. Башкы белгилери — кургак жөтөл, дем алуунун кыйындашы, дене табынын көтөрүлүшү, алсыроо.

Кээ бир учурларда оору пневмониясыз эле өтүп, бейтап жөтөлүп, дене табы өтө жогорулабаган абалда жүрөт. Оорунун жеңил түрүндө да жугузуп алуу коркунучу бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0