Бет капты кымбаттатып, элди пайдаланып жатышат. Министрлик абал тууралуу

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЭпидемия ОРВИ в Москве
Эпидемия ОРВИ в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис запаста бет кап жетиштүү экендигине ишендирип, тынчсызданбоого чакырды. Эгер ал түгөнүп баратса министрлик чара көрө турганын кошумчалады.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Айрым кыргызстандыктар дүрбөлөңгө түшүп бет кап сатып алууда, ал эми ортомчулар андан пайда көрүүнүн амалын издеп жатышат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек департаментинин Стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Жылдыз Жумагулова билдирди.

Буга чейин интернет колдонуучулар Кытайдагы коронавирус оорусуна байланыштуу борбордо бет каптар кымбаттап жатканын айтышкан. Маселен, Facebook колдонуучусу Aminat Kayumova (Аминат Каумова) дарыканаларда бет каптардын баасы 10 сомго чыкканын жазып, "бул канчалык мыйзамдуу" деп суроо салган. Комментарийлерде анын пикирине кошулгандар болгон.

Жумагулованын айтымында, кечээ, 28-январда, министрликтин өкүлдөрү маска алып келген 8 компаниянын жана 20 фармацевтикалык компаниянын ээлерин чогултуп, бет каптын баасын кымбаттатпоону сүйлөшүшкөн.

"Сегиз ири компания өлкөгө Россия, Казакстан жана Кытай мамлекеттеринен бет кап ташып келет экен. Азыр кытайлардын өзүнө жетишпейт, Россия менен Казакстан экспортко тыюу салыптыр. Ошентсе да масканын баасын көтөрбөөнү макулдаштык. Компаниялар дарыканаларга бет капты дүңүнөн 1 сом 60 тыйындан сатат экен. Ал эми тигилер канчага сатып жатканын көзөмөлдөй албайбыз. Себеби мамлекетке караштуу бир дагы дарыкана жок", — деди Жумагулова.

Ал белгилегендей, элдин дүрбөлөң түшүп жатканын байкаган ортомчулар пайда көрүп калууга аракет кылып жаткандай.

Кхай аралы, Таиланд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тынч жашайлы! Кыргызстандыктар коронавирустун айынан саякаттоодон баш тартууда
"Бет каптардын тез арада сатылып жатканы байкалууда, "бир дарыканага эртең менен алып келсе кечке чейин калбай калууда" дейт. Анан бул жакта манипуляция жүрүп жатат. Кечээ күнү бирөө дүңүнөн саткан жерден 500 миң бет кап алып кетип, кайра эле дарыканаларга кымбат баада сунуштап жатыптыр. Дүңүнөн саткандар бааны жогорулатпаганын айтууда. Мындан улам аларга аз-аздан бөлүп сатууну, дарыканаларга бир адамга 20дан ашык сатпоону сунуштадык", — деди департаменттин өкүлү.

Ал белгилегендей, Кыргызстанга 2019-жылы жалпысынан 3 миллион 942 миң даана бет кап алып келинген. Учурда анын 2,5 миллиону калды. Ал эми департаменттин кампасында дагы 18 миң бет кап бар.

"Бул көпкө жетет, тынчсызданып, дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок. Эгер маска түгөнүп баратса министрлик башка чараларды көрөт. Буйрутма берүү үчүн башка өлкөлөрдү караштырат", — деди Жумагулова.

Коронавирус 2019-nCoV

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус 2019-nCoV экендигин аныктаган.

Начальник управления погранветконтроля Госинспекции КР Толон Ырсалиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Ырсалиев: коронавирус азык-түлүктөн жукпайт
Кытай эксперттеринин айтымында, вирус 1-2 метр аралыкта аба аркылуу жана кир кол менен көздү сүрткөндө адамга жугат. Башкы белгилери — кургак жөтөл, дем алуунун кыйындашы, дене табынын көтөрүлүшү, алсыроо.

Кээ бир учурларда оору пневмониясыз эле өтүп, бейтап жөтөлүп, дене табы өтө жогорулабаган абалда жүрөт. Оорунун жеңил түрүндө да жугузуп алуу коркунучу бар.

Соңку маалыматтар боюнча өлгөндөрдүн саны 132ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0