Атаандашын нокаутка кетирген UFC мушкери Хабибге сес көрсөтүп... Видео

Жазылуу
UFC Fight Night 158 турниринин башкы беттешинде америкалык мушкерлер Жастин Гэтжи менен Дональд Серроне күч сынашты.

Турнир Ванкувер шаарында өткөн.

Россиядан чыккан UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Фергюсон эмес. Хабибдин менеджери спортчунун кийинки атаандашын атады
Гэтжи Серронени биринчи раундда нокаутка кетирип, жеңүүчү деп таанылган.

Спортчу беттештен кийин маек берип жатып россиялык Хабиб Нурмагомедов менен беттешүүгө ниеттенип жатканын билдирген.

Эскерте кетсек, 8-сентябрга караган түнү Хабиб Нурмагомедов Абу-Даби шаарында америкалык мушкер Дастин Порьени жеңип, чемпиондук наамын сактап калган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0