Айып пулду терминалдан кантип төлөө керек. Видеонускама

Жазылуу
Эгер жол эрежесин бузганыңыз боюнча кат келип, аны терминалдан кантип төлөө керектигин билбей жатсаңыз, бул видеону сөзсүз көрүңүз.

Автоунаа ээсинин атына келген катта төлөө боюнча бардык маалыматтар камтылган. Ошондой эле банктардын жана терминалдардын тизмеси бар.

Перекрытие площади Ала-Тоо для подготовки к празднованию Нооруза - Sputnik Кыргызстан
Депутат айдоочуларга салынган айып пулдун көлөмүн кайра кароо сунушун берди
Терминалдан төлөй турган болсоңуз "Административный штраф за нарушение ПДД" деген бөлүмдү тандап, катта көрсөтүлгөн 14 сандан турган кодду жазасыз. Система сиз канча сом төлөшүңүз керек экенин өзү көрсөтүп берет.

Жол эрежесин бузганыңыз боюнча токтом келгенден кийин 15 күндүн ичинде төлөсөңүз 50 пайыз жеңилдик каралган. Ал эми айыпты 30 күндүн ичинде төлөбөсөңүз, туум чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0