09:46 21 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.9212
  • RUB1.0831
Видео

"Алымканды" созгон кичинекей Акмарал: той ырчысы болгум келбейт. Видео

Кыскача шилтеме алуу
Нургүл Максутова
188410
© Sputnik / Эмиль Садыров

Биздин студиянын коногу Акмарал Эркинбек кызы 14 жашта. Азыр өзү теңдүүлөр арасында таланты, ырчылык өнөрү боюнча мыктылардын ана башында турган өспүрүмдөрдүн бири. Учурда Нарын облусундагы Матен Сыдыков атындагы орто мектептин 7-классында билим алууда.

Анын репертуарында Токтогулдун "Алымкан", Асанкалый Керимбаевдин "Энекем", Каныкей Эралиеванын "Жаз", Калыйбек Тагаевдин "Долон" сындуу бир топ ырлар бар.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Акмаралды кепке тартты.

14 летняя комузистка Акмарал Эркинбек кызы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Акмарал Нарын шаарындагы Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар музыкалык мектебинде вокал жана комуз классында да окуйт экен

"Кичинекей кезимди такыр эстей албайм. Атамдар үч жашыңда, чоң адамдын алдында ырдагансың дейт. Анан кийинчерээк чоң залга ырдаганы ак көйнөк, кара туфли кийип барганым эсимде. Эл кол чапкан. Ошондо эле ырчы болом деп максат койгом", — деди каадалуу сүйлөп.

Азыр Нарын шаарындагы Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар музыкалык мектебинде вокал жана комуз боюнча билимин Жылдыз Абдыгазиеванын классында тереңдетип жаткан учуру экен.

Анын ырчылык өнөрдөн сырткары чет тилин үйрөнүүгө кызыкдар экендигин билдик.

"Тил билүү ырчыларга көбүрөөк керек. Алар кийин чет жактарга чыгып, башка элге барганда котормочу жок кыйын болот го. Андыктан, азыртадан такылдап сүйлөп калса, кийин барганда ошол эл менен так сүйлөшүп кетет деп ойлойм", — дейт ал биз менен маегинде.

Акмарал репертуарында 15тей ыр бардыгын айтты. Өзүнө сын көз менен карагандыгын сөзүнөн баамдадык.

"Алардын баарын мыкты аткара албайм, кемчиликтер бар, кээ бирлеринин кайрыктарын, боекторун, бир катарларынын кооздоп кеткен жерлерин жакшы ала албай калып жатам", — деди сырын жашырбай.

Бизди кызыктырганы азыр атактуу ырчылардан тарта жаңы чыгып келе жаткандары баш тартпай барып жаткан тойлор тууралуу айткан пикири болду.

14 летняя комузистка Акмарал Эркинбек кызы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Акмарал репертуарында 15тей ыр бардыгын айтты

"Ырдап бер деп көбүнчө ачылыштарга, майрамдарга чакырышат. Музыкалык мектепте майрамдарда концерттерди коюп турабыз. Бирин-серин болбосо, тойлорго көп барбайм. Той ырчысы болгум келбейт", — деди олуттуу.

Акмаралдын энеси Айгерим кыргыз тили жана адабияты мугалими, ал эми атасы Эркинбек чарбачылык менен алектенет. Ырчы кыз беш бир туугандын кенжеси.

Тема боюнча

Балыкчынын чок ортосуна чоң комуз коюлду. Сүрөт
Ооз комуз каккан якутиялык кыз Britain"s Got Talent калыстарын дүрбөттү. Видео
Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз… Учурдун жаш комузчулары кимдер?
Белгилер:
чет тил, ыр, комуз, Акмарал Эркинбек кызы, Нарын облусу, Нарын

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ