9 жашында мамалак менен алышкан Хабиб. Видео интернетти багындырууда

Жазылуу
ММА мушташы боюнча адис Робин Блэк өзүнүн "One Minute Breakdown" берүүсүндө тогуз жашар Нурмагомедовдун күрөш техникасын талдоого аракет жасаган.

Хабиб Нурмагомедов жеңил салмакта UFC чемпиону аталгандан кийин социалдык тармактарда болочоктогу чемпиондун тогуз жашында аюунун мамалагы менен алышкан видеосу популярдуу болууда. Бул тууралуу BJPenn.com аралаш мушташ боюнча маалымат порталы жазып чыкты.

Бой между Тони Фергюсоном и Хабибом Нурмагомедовым - Sputnik Кыргызстан
Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсон беттешпей турган болду
Аталган кадр 1997-жылы Махачкалада тартылган. Ал эми коомчулукка россиялык мушкер UFC уюмуна киргенден кийин гана чыгарылган.

Мушкердин атасы Абдулманап Нурмагомедов интервьюларынын биринде баласы тогуз жашка толгондо байланып турган жырткычты көрсөтүп "муну менен алышкандан коркпойсуңбу?" деп сураганын эскерди. Аюу балага караганда оор жана тумшук кабы жок болгон. Бирок Хабиб коркуп кеткен эмес.

Бул арада ММА мушташы боюнча адис Робин Блэк өзүнүн "One Minute Breakdown" берүүсүндө тогуз жашар Нурмагомедовдун күрөш техникасын талдоого аракет жасаган.

​Блэк кичинекей мушкер каршылашынын оор салмагына карабастан өзүнүн күчүн көрсөтө алганын белгилеген.

Өткөн дем алыш күндөрү Хабиб Нурмагомедов америкалык каршылашы Эл Яквинтти жеңип, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону аталды. Мушкер 26 жолу кармашка чыгып, баарында тең жеңишке жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0