08:40 12 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4252
  • RUB1.0989
© Видео / Проектный институт при Госстрое

Шаардык кеңеш борбор калаанын деталдуу планын коомдук талкууга алып чыкты

Бишкек шаарынын башкы планы боюнча калаанын борборунун деталдуу планы иштелип чыкканын Башкы пландын башкы архитектору Жанузак Кулбатыров маалымат жыйында билдирди.

Журналисттерге шаардын борбору кандай өзгөрө турганынын 3D эскизи көрсөтүлдү.

Кулбатыров иштеп чыгуучулар мыйзамсыз курулган имараттарды качан түрттүрүүнүн так күнүн белгилеши керектигин айтты.

"Эгер жолкурууда кайсы бир имарат жолтоо боло турган болсо ал түрттүрүлөт. Мындай имараттардын ээлерине компенсация төлөп берүү үчүн анын көлөмүн белгилей турчу комиссия түзүлөт. Буга убакыт керек", — деди архитектор.

Эксперттердин айтымында, мындай кадамдар жасалмайын шаарды өнүктүрүү мүмкүн эмес. Деталдуу план кабыл алынгандан кийин шаардагы архитектуралык баш аламандык болбойт.

Тема боюнча

Быйыл оңдоло турган Бишкек шаарындагы жолдор. Карта
Ысык-Көлгө музыкалык жарык менен коштолгон фонтан курулат. Эскиз
Бишкекте токой паркы пайда болот. Мэрия жаңы долбоор сунуштады
Белгилер:
архитектура, долбоорлор, шаар, эскиз

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ