Президент балаты майрамында: чын дилден кубанган жыйынга биринчи катыштым

Жазылуу
Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков балдардын президенттик балатысына катышып, аларды жаңы жылы менен куттуктады

Жээнбеков балдарга "айланайын кыздарым, балдарым, кичинекей досторум" деп кайрылды.

"Мен көп эле жыйындарга, чоң салтанаттарга катыштым, бирок мындай чын жүрөк, ак ниет менен кол чаап, күлүп отурган салтанатка катыша элек болчумун. Саясатчылардын баары тең бала кезиндегидей мүнөзүн, ак ниеттүүлүгүн сактап калганда дүйнө эбак эле оңолмок, анын ичинде Кыргызстан дагы оңолмок. Кудайым ушул ниетиңерди, аруулугуңарды таза кылып сактасын, кийин мамлекетке ушундай чын дилден кызмат кылып бергиле", — деди президент.

Жээнбеков ошондой эле балага билим берүү, тарбия берүү мамлекеттин эң негизги иши экенин баса белгиледи.

II Всемирные игры кочевников. День пятый. Финал по кок-бору - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөнү дүңгүрөткөн тасмалар, ЮНЕСКОго кирген көк бөрү. Маданиятта не кеп болду
"Биз жаш муунду канчалык ыймандуу, билимдүү кылып тарбияласак келечегибиз ошончолук кең болот. Ушул жүздөрү жайнаган балдарды көрүп туруп мен Кыргызстандын жаркын келечеги бар деп ишенимдүү айта алам", — деди өлкө башчысы.

Ал, андан сырткары, келечек муунга ишенерин, ишенип келгенин жана ишене берерин кошумчалады.

Президенттик балатыга шаар-айылдардан келген зирек балдар катышты. Ошондой эле майып балдар да келип көңүл ачышты.

Концерттик программа аяктагандан кийин бөбөктөргө өлкө башчысынын атынан таттуу белектер тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0