Кокуйлаткан көмүр баасы! "Кыргыз көмүр" кара алтындын баасы арзандайт дейт...

Жазылуу
Кыргызстанда былтыркы жылдарга салыштырмалуу көмүр быйыл кымбат сатылууда. Кара алтын саткан Бишкектеги соодагерлердин айтымында, былтыр Кара-Кече, Кара-Жыранын көмүрүнүн тоннасы 3500-3700 сомдон бааланса, быйыл 500 сомго чейин кымбаттаган.

Көмүр сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда көмүрдү кайдан сатып алса болот. Көмүр базаларынын тизмеси
Мунун себебин алар Казакстандын Кара-Жыра, Шабыркүл көмүрлөрүнүн жетишсиз санда келип жатканы менен байланыштырышты. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги быйыл өлкөдө көмүр тартыштыгы болбойбу жана эмне себептен Казакстандан көмүр аз санда келип жатканын билип көрдү.

Бишкек шаарынын тургуну, пенсионер Надырбек Шейшенов жылда Казакстандын Кара-Жырасынан чыккан көмүрүн алчу. Быйыл болсо көмүр аз кирип жаткандыктан, ортомчулар кымбат сатып жатканын айтып нааразы болду.

"Жыл сайын жакшы күйөт деп ушул Кара-Жыранын көмүрүн алам. Эми кыргыз-казак чек арасына байланыштуубу, айтор, бизге көмүр аз-аздан келип аны ортомчулар ала калып, 5000 сомдон өйдө сатышууда. Ошондуктан бул отун базага бүгүн-эртең көмүр келет дегенинен өзүм келип кезек күтүп турам", — деди пенсионер.

Көп жылдан бери көмүр сатып иштеген Кубанычбек Токтогалиев үстүнө аз эле акча кошорун айтып, баанын кымбатташынын себебин Казакстандан көмүр аз келип жатканы менен түшүндүрдү.

Угольная промышленность в Кабуле - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт көмүрдүн баасын үч ай бою жөнгө салып турат
"Азыр Казакстандан кыйраган көмүр келбей калды. Кара-Кеченин көмүрүн эле сатып жатабыз. Былтыр кара алтындын тоннасын 3200-3500 сомдон алсак, быйыл 3800-3900 сомго чыкты. Үстүнө аз эле акча кошуп кайра сатып атабыз", — деди Токтогалиев.

Ал эми "Кыргыз көмүр" ишканасынын маалыматына ылайык, калаада Кара-Кеченин көмүрү жетиштүү. Бирок Казакстандын көмүрү бир аз кармалып калгандыктан алып сатарлар бааны дароо көтөрүп жиберишкен.

"Күнүнө "Кара-Кече" көмүр кенинен 5-6 миң тонна көмүр шаардагы отун базаларга түшүрүлүп жатат. Эми казак көмүрү да келе баштады, мындан улам кара алтындын баасы кайра өз нугуна түшө баштайт", — деп ишкананын маалымат кызматынан билдиришти.

Казак көмүрү эмне себептен келбей жатты?

Бишкек шаарынын Ленин районунун турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн башкы адиси Жоомарт Токтосуновдун айтымында, казак көмүрү өткөн жумадан тарта кайра келе баштаган.

"Өткөн жума Шабыркүлдүн көмүрүнөн 600 тонна түшүрүлүп, кезек күткөн эл бир күндө эле алып кетти. Буга чейин келбей жаткандыгынын себеби чек арага байланыштуу эмес, болгону көмүр өздөрүнө да жетишпей, вагон толбой жатыптыр. Бул жумада дагы көмүр келиши күтүлүүдө", — деди Токтосунов.

"Электр станциялары" ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиеванын айтымында, быйыл ТЭЦге Казакстандан 450 миң тонна көмүр алып келинет. Бул боюнча казак тарап менен келишим түзүлгөн.

Кара-Кече: миллиондогон тонна "кара алтын" кантип казылат
"Коңшу өлкө менен түзүлгөн келишимге ылайык, алар Бишкектеги ТЭЦге апрель айынын аягына чейин 450 миң тонна көмүр алып келишет. Ал эми Кыргызстандан 550 миң тонна көмүр алуу боюнча келишимге кол коюлган", — деди Айдаралиева.

Эске салсак, өткөн аптада Экономика министрлиги "КР аймагындагы көмүр баасын мамлекет тарабынан жөнгө салуу боюнча" токтом долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койгон. Ага ылайык, элге жеткиче асмандап кетип жаткан көмүрдүн чекене баасын өкмөт 90 күн бою көзөмөлдөп турат. Токтом долбоорун министрликтер карап чыгып, өкмөткө жөнөтүү алдында турганын аталган министрликтен билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0