УКМК Канат Исаевдин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди. Видео

Жазылуу
Комитеттин маалымат кызматы козголгон кылмыш иштин алкагында Канат Исаевдин кармалышы боюнча комментарий берди

30-сентябрь күнү Башкы прокуратура массалык башаламандык уюштуруу жана бийликити күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча козгогон кылмыш иштин алкагында Канат Исаев жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

“Депутат Канатбек Исаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапташы катары айрым уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен жең ичинен сүйлөшүп башаламандык уюштуруу, андан ары бийликти басып алуу үчүн аракеттерди көрүп жатканы аныкталды. Аталган талапкер шайлоодо утулуп калса бийликти басып алуу максатын көздөшкөн”, — деди Сулайманов.

Ал массалык башаламандыкка адамдарды тартуу үчүн Исаев тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүнө ири суммадагы акча берилип, бийликти курал менен басып алуу жана абалды туруксуздаштыруу аракеттери да каралганып айтты.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0