Беш унаа кагышкан кырсыктын күнөөкөрү мас экени аныкталды. Видео

Жазылуу
Кырсыктан эки адам каза тапты. Күнөөлүү адам мас абалында болгон.

Жалпайып калган унаадан жабырланган кишини чыгара албай коюшту. Жол кырсыктын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жалпайып калган унаадан жабырланган кишини чыгара албай коюшту. Жол кырсыктын видеосу
Бишкекте бүгүн эртең менен катталган жол кырсыктын күнөөкөрү мас абалында болгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ИИМдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгынан кабарлашты. 

Беш унаа кагышкан жол кырсык эртең менен саат 6.15те катталган.

Toyota Windom үлгүсүндөгү унаанын 28 жаштагы айдоочусу Манас проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилиши менен түндүктү көздөй баратып, Mazda үлгүсүндөгү унааны кагып кеткен.

"Катуу соккудан улам Mazda Toyota Wish автосун сүзүп, Wish болсо Honda Fit унаасын, Fit Honda Stream автосун каккан. Бул унаалардын бардыгы жол чыракта турган. Mazda унаасынын ичинде отурган жүргүнчү ошол жерден мүрт кетсе, айдоочусу ооруканага бараткан жеринен көз жумган. Күнөөкөр Windom унаасынын айдоочусу мас абалында болгон. Ал жеринен кармалган", — деп маалымат кызматынан билдиришти.

Факты боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталды.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0