Чычкан капчыгайында (Жалал-Абад облусунун Токтогул району) BMW үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкандыгын окуянын күбөсү Sputnik Кыргызстанга WhatsApр аркылуу кабарлаган.
Анын айтымында, кырсык кечээ түнү болгон.
"Кечээ кечинде Чычкандын кире беришинде BMW үлгүсүндөгү эки автоунаа кагышыптыр", — деп жазган окуянын күбөсү.
Тартылган видеодон ӨКМдин кызматкерлери жалпайып калган автоунаадан жабырланган кишини чыгара албай жаткандыгын көрүүгө болот.
Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, кырсыктан каза болгондор жок, жаракат алгандар ооруканга жеткирилген. Ал эми милициядан бул тууралуу маалыматты толугу менен кечирээк бере тургандыгын айтышты.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.