Унаасын арты менен айдаган Бишкектеги "Вин Дизель" видеого түшүп калган

Жазылуу
Унаасын жолдо артты көздөй айдап бараткан айдоочуну күбө видеого тартып алган

Бишкектин көчөлөрүндө унаасын арты менен айдап бараткан айдоочуну күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-каналы аркылуу билдирди.

Анын айтымына караганда, мындай көрүнүш ишемби күнү, 15-июлда болгон.

"Мен аны Курманжан датка көчөсүнөн Жибек-Жолуна кайрылып жатканда көрдүм. Ал Сүйүмбаев көчөсүнө чейин арты менен кетип баратты, кайрылууну ойлонгон да жок. Бул албетте оюн-тамаша бирок ал башка айдоочуларга жолтоо болуп жатты", — деди күбө.

Кыргызстандын Кайгуул милиция башкы башкармалыгы айдоочу жол эрежесинин 225-беренсин (каршы тилкеге чыгуу) бузгандыгын маалымдады. Мындай мыйзам бузгандарга 1000 сом айып пул салынат.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp номери аркылуу билдирсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0