00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
17:54
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
“Ак илбирс” борбору – жапайы жаныбарларды изилдеп, коргоодогу жаңы кадам
11:08
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как отличить инвестиции от пирамиды и не пожалеть
12:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Орус тили жана Пушкин: маданият, билим берүү жана заманбап окутуу ыкмалары
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Особый акцент
Принять или отказаться - юрист о том, когда наследство становится источником проблем
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
Особый акцент
Принять или отказаться - юрист о том, когда наследство становится источником проблем
21:10
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Садыр Жапаров Жер-Үй алтын кенин мамлекетке кайтаруу мүмкүн эместигин Элдик курултайда билдирди. Президенттин айтымында, Жер-Үй Кумтөрдөн айырмаланып турат. Кумтөр алтынды иштетип, андан түшкөн пайданы банктагы 475 миллион доллар кредитти жапканга жумшаган. Мамлекетке бир тыйын салган эмес, афералыкка баргандыгы үчүн мамлекет аны алып койгон. "Ал эми Жер-Үй беш адамга сатылып кетиптир, бири-бирине сатылып отуруп, 500 миллион доллардын тегерегинде чыгым кеткен экен. Жер-Үйдү 2015-жылдары дагы сатып жиберишкен. Анда 100 миллион доллар мамлекетке түшкөн, бирок жок болуп кеткен. Буга ошол маалдагы бийлик күнөөлүү. Андан сырткары, алар 350 миллион долларга фабрика салышкан. Жалпысынан Жер-Үй 1 миллиард доллар коротуп туруп иштетип жатат. Аны жөн эле тартып алганыбыз адилеттүүлүккө дагы жатпайт", — деди Жапаров. Өлкө башчынын айтымында, Жер-Үйдө Кыргызстандын үлүшү жок болгону менен мамлекетке жылына 5,5 миллиард сом салык төлөйт. Андан сырткары, Таластагы фондго, айыл өкмөтүнө акча берип, мектеп, социалдык имараттарды салып берүүдө.
IV Элдик курултайдын 71 делегаты мени алдаптыр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына жазды. Белгилей кетсек, курултайдын бүгүнкү жыйынында президент шайлоо маселесине токтолуп, көптөр добуш берүүгө барбай коюп жатканын айтып нааразы болгон. Ал ошондой эле залга кайрылып, делегаттардын кимиси соңку шайлоого барганын сурап, баргандардан кол көтөрүүсүн өтүнгөн. "Залдагылардын бардыгы толук кол көтөрүштү. Бул түз эфирде да көрсөтүлдү. Камералар тартып жатканын да алдын ала эскерткем. Мени таң калтырганы жана бир аз капа кылганы өз аймактарынан шайланып келген делегаттардын айрымдарынын эч ойлонбостон туруп алдаганы болду. Борбордук шайлоо комиссиясы IV Элдик курултайдын 71 делегаты шайлоого барбаганын тактап берди", — деди Жапаров. Ал аларды уят кылып аты-жөндөрүн ачыктабай турганын кошумчалаган.
Бишкек шаары менен Чүй облусунда газдаштыруу кайсы этапта экенин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Ташыбек уулу айтып берди.Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан. 2025-жылы борбор калаада жана Чүй облусунун аймагындагы эл жашаган 105 айыл-шаардын ичинен 54ү газдаштырылды. Көгүлтүр от системасына 49 миң кожолук туташтырылды. Кышында газ менен 33 миң үй жылытылып жатат. Өкмөт газдаштыруу үчүн жеңилдетилген насыя берүү программасын ишке ашырууда. 2023-жылы 12 пайыз менен берилген. Калк 2024-жылы сегиз, ал эми 2025-жылы үч пайыз менен ала баштады. Насыя жеке жактарга күрөөсүз жана кепилдиксиз эки жылдык мөөнөткө 150 миң сомго чейин берилет. Быйыл Бишкекте 11 миң үй көгүлтүр отту пайдалана баштаса, Чүй облусунда бул сан 3 839га жеткен. Ташыбек уулу "Газпром" 2030-жылга чейин Бишкекти газдаштырып бүтүп, андан соң акырындык менен Чүй облусуна өтө тургандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0