00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Не только кочевники и набеги: какой была система управления Золотой Орды
16:08
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
8 мин
Көз мончок
Картаюу аялдардын фобиясыбы?
17:09
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Как остановить рост цен: ставка на свое производство, склады и логистику
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стоп кадр
Ар бир муун өз жазасын төлөйт: "Каргыш" мистикалык этно-хорор жарыкка чыкты
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Без SWIFT и карт «Мир»: как строится новая архитектура расчетов внутри ЕАЭС и ШОС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мектептеги буллинг жана окуучулардын мушташтан каза болушун кантип алдын алуу керек?
21:05
52 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Ушул жылдын үчүнчү кварталында 800дөн ашык бала үй-бүлө тапты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 492 бала камкордукка берилсе, 370 бала улуттук асыроого өткөрүлдү, дагы эки бала чет өлкөлүк жарандар тарабынан асырап алынган. "Балдарды кабыл алган бардык үй-бүлөлөр милдеттүү түрдө каттоодон өтүп, камкордук органдарынын туруктуу көзөмөлүндө турат", — деп айтылат маалыматта.Ошондой эле бул иш-чара ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн коопсуз жана колдоочу чөйрөнү түзүүгө багытталганы кошумчаланды.
Республикада “Гонконг тумоосу” деп аталган сасык тумоого чалдыккандар көбөйүп жатат. Инфекционист дарыгер Дамирхан Чыныева бул оору кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымат берди. Анын айтымында, тумоо жогорку температура жана кургак, тамакты кычыштырган жөтөл менен коштолот. Көкүрөк туш ооруксунат. Үч күндөн кийин да температура түшпөсө, жөтөл күчөсө, дем кысылып же көкүрөк туш ооруса кеселдин күчөп жатканынан кабар берет. “Балдарда жогорку температура менен кошо эс-учун жоготкон учурлар болушу мүмкүн. Тумоо абдан тез өнүгөт. Ал эми өз алдынча дарыланууда оор пневмония үчүнчү суткада эле пайда болушу ыктымал. Бул тумоонун кооптуулугу өпкөгө зыян берүү менен эле чектелбейт. Анын токсиндери жүрөккө жана бөйрөккө залакасын тийгизип, оор учурларда мээнин шишигине чейин алып келиши мүмкүн”, — деген дарыгер.
Ички иштер министрлиги 29-декабрдан тарта өлкөдө массалык рейддер өтөрүн билдирди. Тартип сакчылары жаңы жылдык майрамда массалык иш-чаралардын көбөйүшүнөн улам күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтөт. Узакка созулган жаңы жылдык каникулда милиция “Арсенал”, “Пиротехника”, “Антирэкет”, “Кароосуз калгандар”, “Кайырчы”, “Издөө”, “Тоноочу”, “Ууру”, “Өспүрүм түн” жана башка рейддерди жүргүзөт.
АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийдин Украина боюнча планын колдобойт. Мындай пикирин Welt телеканалынын Украинада жүргөн кабарчысы Кристоф Вайнер айтканын РИА Новости агенттиги жазды. "Мунун баары Америка президенти тарабынан четке кагылат сыяктуу", — деген кабарчы Зеленскийдин Россиянын аймактык чечимдери боюнча койгон талаптары жөнүндө айтып жатып. Журналист муну менен катар Киев режиминин башчысынын демилгесинде эч кандай конструктивдүү жоболор жок экенин, болгону коомчулуктун көңүлүн фронттогу кыйынчылыктарынан башкага буруп, ошол эле учурда өзүн тынчтыкты сактоочу катары көрсөтүү үчүн "медиачабуул" жасап жаткандай көрүнүп жатканын белгилеген. Эскерте кетсек, буга чейин Америка лидери Politico басылмасына курган маегинде Киев режиминин башчысынын Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча бир дагы сунушу анын макулдугусуз күчүнө кирбей турганын айткан
Жаңылыктар түрмөгү
0