18:38 02 Теке 2020
Түз эфир
  • USD78.7872
  • EUR89.0098
  • RUB1.1172
Видео

Жаш балбан чачы менен поезд жылдырып жана тоого ат көтөрүп чыгууга даярданууда

Кыскача шилтеме алуу
78410
© Видео / Талгат Бакиев

Аксы районунун 20 жаштагы тургуну, жаш балбан Сапарали Акбарали уулу бул жылдын май айында Ош шаарындагы Сулайман-Тоого ат көтөрүп чыгууга камданып жатат. Бул туурасында өзү айтып берди.

Аны эл арасында "мык чайнар " деп да атап коюшат. Себеби, тиши менен мык чайнап, чачы менен жүк ташуучу унааны ордунан сүйрөп жылдырып көпчүлүктүн көңүл борборуна айланууда.

Эми ал кыргыздын атактуу балбандарынын бири Каба уулу Кожомкул сыңары эл оозунда айтылып кала турган иш жасоо планында.

"Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына карата 9-майда Сулайман —Тоого ат көтөрүп чыксам дейм. Азыр күн сайын машыгып жатам",— деди ал.

Бул үчүн азыртадан тай сатып алып, аны көтөрүп, машыгуунун үстүндө. Андан сырткары жаш балбандын чачына жип байлап алып поезд сүйрөйм деген ойлору бар. Сапарали буга да дыкаттык менен даярданып жаткандыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Автоунаанын күчүнө туруштук берген Ринат. Түшкө ишенген балбан
Кыргызстандын бардык аймагынан келген балбандар чемпиондук үчүн ат салышты
Белгилер:
ат, балбан, поезд, Жалал-Абад

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ